Кош бойлуу аял чылымды таштабаса, кесепети кандай болот? Адистин жообу

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүКурение в общественных местах
Курение в общественных местах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне чылымдан канчалык эрте баш тарса, ошончолук баласына аман калуу мүмкүнчүлүгүн белек кылат.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Аял кош бойлуу кезинде тарткан ар бир тамеки бала жашоосунун биринчи жылында белгисиз себептерден улам чарчап калышына негиз болушу мүмкүн. Мындай жыйынтыкка Сиэтл педиатрия институтунун (АКШ) окумуштуулары келгенин РИА Новости жазды.

Макалада айтылганына караганда, чылым чеккен эненин наристеси аман калган күндө дагы аутизм, астма, ашыкча салмак сыяктуу илдеттерге кабылышы ыктымал.

"Эне чылымдан канчалык эрте баш тарса, ошончолук баласына аман калуу мүмкүнчүлүгүн белек кылат. Муну кыз-келиндер эсине бек түйүп алуусу керек", — деп айтылат макалада.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасына караганда, аялдын кош бойлуу кезде никотинден баш тартпай койгону өзүнө, түйүлдүккө жана төрөлгөн балага терс таасир эткен негизги факторлордун бири катары эсептелип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0