Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүС-400 россиялык куралы. Архивдик сүрөт
С-400 россиялык куралы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-2018-жылдар аралыгында Россия куралды Индия, Кытай, Алжир баштаган 48 мамлекетке саткан.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дүйнөдөгү көйгөйлөрдү изилдеген Стокгольм эл аралык (SIPRI) институту кезектеги докладын жарыялап, курал боюнча дүйнөдөгү ири экспортчуларды атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Документте ал өлкөлөр: АКШ, Россия, Кытай, Франция жана Германия экени айтылган. Дүйнөдөгү жалпы экспорттун 75 пайызы аталган өлкөлөргө, ал эми анын ичинен 57 пайызы Россия менен АКШга туура келери маалым болду.

Самый миниатюрный автомат представила немецкая оружейная компания — видео - Sputnik Кыргызстан
Германиялык компания тапанча сымал чакан автомат чыгарды. Видео
2014-2018-жылдар аралыгында Россия куралды Индия, Кытай, Алжир баштаган 48 мамлекетке саткан.

Андан сырткары, докладда дүйнө жүзүндө курал-жаракка суроо-талап 7,7 пайызга көбөйгөнү айтылат. Акыркы мезгилде Жакынкы Чыгыштагы Сауд Аравия, Египет, Израиль, Катар жана Ирак көбүрөөк сатып алган.

РФтин Аскерий-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев аталган мамлекет былтыр курал сатуу боюнча планын толук аткаргандыгын билдирди.

Муну менен бирге акыркы үч жылда экспорт 15 миллиард доллардын деңгээлинде кармалып тургандыгы айтылды. Ал эми бул жааттагы экспорт келишимдеринин портфели 55 миллиард долларга чамалап барары маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0