Ден соолукту ала турган зыяндуу алты адат. Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековВопросы уплаты пенсии в Кыргызстане
Вопросы уплаты пенсии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи орунда бүкүрөйүп жүрүү адаты турат. Омуртканын мындай болуп жүрүшү жыл өткөн сайын ички органдарга терс таасирин тийгизери айтылды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дарыгерлер омуртканы бузуп, кан айланууну, жүрөктүн, мээнин жана тамак сиңирүү органдарынын иштешин начарлата турган алты жаман адат туурасында айтып беришти. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оорунун алдын алуунун эң жөнөкөй жолдору айтылды
Эң зыяндуу делген адат — тамеки чегүү. Андан улам омурткалардын кемирчектери жабыркайт. Экинчи жаман адат — бүкүрөйүп жүрүү. Омуртканын мындай абалда турушу жыл өткөн сайын ички органдарга салмагын салып, терс таасирин тийгизери айтылды.

Сүт азыктарынан баш тартуу үчүнчү орунга чыккан. 45 жаштан кийин адамдын организми кальцийге муктаж боло баштайт. Актын тамак-аштын курамында тартыш болушунан улам сөөк менен омуртка бузула баштайт дешти.

Төртүнчү жаман адат — кофени көп ичүү. Бул суюктук организмдеги кальцийди жууп кетип, сөөктү алсыратат.

Бешинчи орунга кыймылдын аздыгы деген түшүнүк чыкты. Алтынчы, гаджеттерди узакка тиктөөнүн кооптуу экени айтылды. Эксперттер адам мындай абалда болгондо омуртканын дисктери жылып кетет деп түшүндүрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0