50 жаштагы Женнифер Лопес төртүнчү ирет турмушка чыкканы жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГолливуд актрисасы жана ырчы Женнифер Лопес жана ырчы Марк Энтони. Архив
Голливуд актрисасы жана ырчы Женнифер Лопес жана ырчы Марк Энтони. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лопес буга чейин үч ирет турмушка чыгып, ырчы Марк Энтониден эгиз балалуу болгон.

 

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Голливуд актрисасы жана ырчы Женнифер Лопес төртүнчү ирет турмушка чыкканы жатат. Лопес сүйүктүүсү, америкалык бейсболчу Алекс Родригес белек кылган нике шакектин сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

♥️♥️♥️♥️♥️♥️♥️♥️

Публикация от Jennifer Lopez (@jlo)

Спортчу дагы ушул эле сүрөттү өз баракчасына жүктөп, "ал макул болду" деп жазды.

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслованын үлпөт тоюндагы сүрөттөрү
Бирок азырынча үлпөт тойдун боло турган күнү белгилене элек. Батыш ЖМКларынын жазганына караганда, түгөйлөр 14 жыл мурда таанышканы менен сүйүү мамилеси 2017-жылдын кыш мезгилинен тарта гана башталган. 

Лопес буга чейин үч ирет турмушка чыгып, ырчы Марк Энтониден эгиз балалуу болгон. Родригестин мурдагы  никесинен эки кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0