Тестостеронуң канча деги? Гормондун көп бөлүнүшүнүн кесепети иликтенди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПроизводство аппаратов для очищения крови НПК "Альфа"
Производство аппаратов для очищения крови НПК Альфа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар анализ үчүн 50-75 жаш курактагы 3225 эркек менен иш алып барган.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Эркектерде тестостерон гормонунун жогору болушу ден соолукка кандай таасир этерин "Известия" Нью-Йорк жана Гонконг университетинин окумуштууларына шилтеме берип жазды.

Спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекке аба менен суудай керек тестостерон. Гормон тууралуу эмне билүү керек
Адистердин айтымында, эндогендик тестостерондун көп санда бөлүнүп чыгышы организмде кандын уюп кетишине жана жүрөк ооруларына алып келиши ыктымал.

Окумуштуулар анализ үчүн 50-75 жаш курактагы 3225 эркек менен иш алып барганы айтылат. Андан соң адистер британиялык биобанк аркылуу гендерди салыштырышкан.

Натыйжада тестосторенди бөлүп чыгууну шарттаган JMJD1C генинин көп болушу кандын уюш кетүү коркунучун жана жүрөк оорусун 7-8 эсе жогорулатып жибериши мүмкүн экендиги аныкталган.

Буга чейин окумуштуулар эркектер жок болуп кетсе, аялдар тукум улай алары тууралуу пикирин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0