Кесиптештерин жылдап ууландырып келген адам өмүр бою эркинен ажыратылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЧашка кофе
Чашка кофе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Германияда болгон.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Германиянын Билефельд шаардык соту бир нече жылдан бери чогуу иштеген кесиптештерин сымап жана башка заттар менен ууландырып келген адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Окуя тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, эркек киши былтыр эле кармалган. Анын кесиптеши жей турган бутербродго шектүү порошок кошуп жатканы видеокамерага түшүп калган.

Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Япониялык аял күйөөлөрүнүн мүлкүнө ээ болуу үчүн байкатпай уу берип өлтүрө берген
Тинтүү учурунда кылмышкер үйүндө химиялык лаборатория иштетип, ал жактагы тажрыйбаларынан чыккан заттарды өзү иштеген заводдун кызматкерлерине байкатпай берип турганын аныктап чыгышты.

Натыйжада эки кишинин бөйрөгү иштен чыгып, дагы бир жабырлануучу комага түшүп калган.

Ууландыруунун себеби белгисиз. Версиялардын бири боюнча кылмышкер кесиптештеринин ден соолугунун начарлаганын көрүп, ага байкоо жүргүзүү кызык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0