Кенгуруну жута албай кыйналган питон. Жырткычка үй кожейкеси жардамдашты

© Sputnik / Андрей Соломонов / Медиабанкка өтүүМосковский зоопарк
Московский зоопарк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лиза Дилани унаасы менен үйүнө келгенде чоң питондун оозуна тыгылып турган кенгуруну көргөн.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Квинсленд (Австралия) штатындагы Мишен Бич шаарынын тургуну аябай чоң питон анын үйүнүн короосуна чейин келип кенгуруну бүкүлү жутууга аракет кылганын айткан. Бул туурасында ABC News порталы жазды.

​Лиза Дилани унаасы менен үйүнө келгенде чоң питондун оозуна тыгылып турган кенгуруну көргөн. Ошол учурду ал сүрөткө тартып калууга да жетишкен.

​"Питон кенгуруну муунтуп өлтүрүптүр, андан соң жутууга аракет кылды. Бирок жута албай көпкө чейин кыйналды. Күн ысып кеткендиктен жыланга боорум ооруп кетти. Жардам берүүнү чечип, чоң чатырды коюп күн тийбегидей кылып бердим", — деп айткан үйдүн ээси Дилани.

Муштумдай болгону менен кыйын экен! Тоту куштун боорду эзген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Муштумдай болгону менен кыйын экен! Тоту куштун боорду эзген видеосу
Ал эми бир жарым сааттан кийин келип караса, бакчада кенгурунун өлүгү гана калып, питондун жок болгонун Daily Mail жазат. Жаныбардын көлөмү аябай чоң болгондуктан жута албай койгон сыяктанат.

Аметист питондору Австралиядагы жыландардын эң чоңу болуп саналат. Анын узундугу алты метр, салмагы 30 килограмм. Мындай питондорго ит, мышык, тоту куш жана тоок сыяктуу үй жаныбарлары көп учурда жем болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0