Жүрөк оорунун алдын алуунун эң жөнөкөй жолдору айтылды

© Sputnik / Николай ХижнякДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажрыйбага катышкан 40-99 жаштагылардын артерияларын текшерип, бир нече ирет тесттен өткөргөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Телевизорду аз көрүп, эртең мененки тамакты калтырбай өз учурунда жеген кишилер жүрөк оорусунан аз жабыр тартат. Бул туурасында Афинадагы улуттук университеттин окумуштууларына таянып EurekAlert! жазып чыкты.

Адистер кан тамырларында катмарлашуу аз болуп, артериялары жумшарып ийкемдүү болгондо, жүрөк илдетке чалдыгуу тобокелдиги аз экендигин айтышкан.

Адистер Коринф шаарынын эки миң тургунунун жашоо образын, алардын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнүн ага тийгизген таасирин анализдеп чыккан. Тажрыйбага катышкан 40-99 жаштагылардын артерияларын текшерип, бир нече ирет тесттен өткөргөн.

Көздү изилдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар адам караңгыда көрө турган препарат жасашты
Изилдөө учурунда жамбаш жактагы артериянын каккан толкуну башка жактарга да тез тараганы байкалган. Андан сырткары, ыктыярдуу түрдө катышам дегендердин артериясынын ички тарабынын калыңдыгын УЗИ менен текшеришкен. Ал канчалык калың болуп майлар катмарланып туруп калса, инсульт тобокелдиги ошончолук арбын болору айтылган.

Телевизорду көп көргөндөр, тагыраагы, көп отуруп иштегендердин кан тамырларында керексиз заттардын катмарлануусу адаттагыдан көп болот. Алар телевизорду аз тиктегендерге салыштырылган. Окумуштуулар негизи эле көп кыймылдоо, алардын ичинде үй чарба иштеринин да ден соолукка, жүрөккө пайдалуу экендигин айтышты.

Аптасына 21 сааттан ашык телевизор көрүү гипертензия тобокелдигин жаратат. Бул адамдар жумасына жети саат көргөндөргө салыштырылган.

Окумуштуулар адамга кубат берген эртең мененки тамактар — сыр, сүт, нан, дан азыктарынын майдаланган улпактары артериянын абалын жакшыртары айтылды. Эртең менен тамагын ичпей калган адамдардын 15 пайызынын артериясы катуу болгону байкалган. Эгерде өз учурунда ичкенде бул көрсөткүч 6,3 пайызды көрсөтмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0