Дарыгерлер сүттүн зыяндуу жактарын айтып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСүт. Архивдик сүрөт
Сүт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, 20 жаштан кийин сүттү абайлап ичиш керек.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Дарыгерлер сүттү такай ичип туруу сөөктү бекемдебей турганын аныктады. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Маалыматка караганда, аталган азык кандагы холестеринди көбөйтүп, кан тамырларды жабыркатат. Ошондой эле гипертонияга алып келиши мүмкүн.

Адистердин айтымында, сүт балдарга гана пайдалуу. Ал эми 20 жаштан кийин абайлап ичиш керек. Дарыгер-диетолог Георгий Лебеденко сүт азыктарынан толугу менен баш тартуу зарыл эместигин белгиледи.

"Көпкө сакталбаган кычкыл сүт азыктарын (йогурт, быштак, айран) колдонууга болот. Бул азыктар иштетилгендиктен курамында лактоза аз болот дагы зыянсыз келет", — деди адис.

Эт туурап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн тамак-ашы адамды өлүмгө дуушар кылат. Адистин пикири
Ал ошондой эле сүттү кокос же миндаль сүтү менен алмаштырса болорун белгиледи. Ал эми гастроэнтеролог Светлана Исакова уйдун сүтүнүн ордуна эчкинин сүтүн ичсе болорун айтты.

"Адамдын организми уйдун сүтүнө караганда эчкинин сүтүн жакшы сиңирет. Себеби анын курамында А-2 категориясындагы бета-казоморфин бар", — деди Исакова.

Буга чейин Бишкектеги №3 бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эне жана баланын ден соолугун коргоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Дилара Искакова сүттүн зыяндуу жактарын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0