Кийим, килем, оюнчук... Эркекти булар тукумсуз кылат деп ким ойлоптур

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с менеджером по туризму Тимуром Акбашевым
Интервью с менеджером по туризму Тимуром Акбашевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бифенил адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу зат деп айтылганына карабай, айрым өндүрүүчүлөр аны буюм-тайымды жасоодо кошуп жиберет.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Тиричилик буюмдарынын курамындагы айрым химиялык заттар эркекти тукумсуздукка алып келерин Medical Xpress журналына шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Мындай чечимге келүү үчүн Ноттингем университетинин окумуштуулары иликтөө жүргүзгөн.

"Кийим-кечек, электр жабдуулардын зымдары, килем жана оюнчуктун курамында кездешчү диоктилфталат, бифенил сыяктуу химиялык заттар эркектин бел суусуна терс таасир этет. Мунун аркасынан тукумсуздук дагы пайда болушу ыктымал", — деп жазылат макалада.

Адистердин айтымында, бифенил адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу зат деп айтылганына карабай, айрым өндүрүүчүлөр аны буюм-тайымды жасоодо кошуп жиберет.

Жаңылыктар түрмөгү
0