Териси кургаган аялды авиакомпания баласы менен учактан түшүрүп койду

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация "Боинг 737-800" с надписью Bubusara ("Бубусара") на носовой части лайнера
Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) на носовой части лайнера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял жолдон калып, мейманканага түнөп, башка авиакомпания менен учуп кетүүгө аргасыз болгон.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Териси кургак болгондугу үчүн American Airlines авиакомпаниясы америкалык аялды колундагы баласы менен кошо учактан түшүрүп койгон. Бул туурасында USA Today жазды.

Түштүк Каролинанын жашоочусу Жордан Флэйк жолго чыкканда кандай жагымсыз окуяга кабылгандыгын Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган. Аял уулу менен учакка кирип отурган соң авиакомпаниянын кызматкери басып келип, эмнеге экөөнүн бетине кызыл темгилдер чыгып кеткенин сураган. Ал эне-баланын учакка түшүүгө медициналык уруксаты бар-жогуна кызыккан. Аял ихтиоз илдети башкаларга жукпай тургандыгын, бул теринин кургап, сыйрылып түшкөн оорусу экендигин түшүндүрүп берген.

"Ал экипаж менен сүйлөшүү үчүн бир нече убакытка жок болуп кеткен. Кыязы, ооруну интернеттен карады окшойт. Бир аздан кийин келип, алгач кечирим сурап, андан соң биз салондон кетмейин учак абага көтөрүлбөй тургандыгын айтып, баштыктарыбызды көтөрүп чыгууга жардам берди. Эшикке чыгып бара жатканда экипаждын бири орой мамиле кылды. Мени буга чейин эч ким минтип басынткан эмес", — деп жазган Флэйк.

Жолдон калган аял мейманканага түнөп, башка авиакомпания менен учуп кетүүгө аргасыз болгон.

Анын жарыялаган постун миңдеген киши соцтармакта бөлүшүп, ачууланган пикирлерин калтырган. Мындай реакциядан кийин American Airlines Жордан Флэйктен кечирим сурап, ал адатын "бардык жүргүнчүлөр үчүн шарт түзүүгө кылган аракети" катары түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0