Кытай өкмөтү аткаминерлерге "кекиртекти тыюу" керектигин эскертти

© AFP / PHILIPPE LOPEZКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы долбоор бизнести колдоп, бюджетке көбүрөөк акча чогултуу ниетинде даярдалган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кытай өкмөтү 2019-жылга карата бюджетинин долбоорунда бизнестеги оорчулуктарды жеңилдетүү үчүн аткаминерлер сарамжалдуу болушу керектигин билдирди. Бул документ шейшемби күнү таратылганын РИА Новости жазды.

Жада калса аткаминерлер автоунаа алууда дагы үнөмдүү болушу керек деп айтылат.

"Бизнестеги кыйынчылыктарды жоюуга жардам берүү үчүн өкмөт адамдары кекиртегин болушунча тыйышы керек. Каражат чогултуунун агымын кеңейтүүгө бар күчүн жумшап, негизги чыгымдарды кыскартууга өтүп, чет өлкөгө расмий сапар менен барганда бюджеттен бөлүнгөн акчаны сарамжал колдонууга тийиш. Пайдасыз чыгымдарды жок кылып, кээ бир маселелерди кайра башынан карап чыгып, керексиз чыгымдарды алып салыш керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ыксыз чыгымдарды көзөмөлдөө ишин борбордук өкмөт да, жергиликтүү бийлик да жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0