НАСА космостук кеменин станцияга кошулган видеосун жарыялады

© REUTERS / NASAНАСА Dragon-2 (Crew Dragon) космостук кеме менен эл аралык космостук станциянын жалгашкан видеосун чыгарды
НАСА Dragon-2 (Crew Dragon) космостук кеме менен эл аралык космостук станциянын жалгашкан видеосун чыгарды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бортто Репли аттуу манекен бар.

БИШКЕК, 4 мар — Sputnik. НАСА Dragon-2 (Crew Dragon) космостук кеме менен эл аралык космостук станциянын жалгашкан видеосун чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Twitter тармагына жарыяланган кадрда көрүнүп тургандай, кеме эл аралык IDA адаптерин колдонуу менен автоматтык режимде станцияга жармашкан.

​Кеме станцияга 3-мартта Бишкек убактысы боюнча 16:51де кошулган. Бортто Репли аттуу манекен бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0