Аял болуп кубулуп... Италияда мафия башчысы кармалды

© AFP / Marcel Kusch / POOLСудебное разбирательство в Дортмунде
Судебное разбирательство в Дортмунде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марко Ди Лауро аны колго түшүргөн полиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Италиянын Неаполь шаарынын полициясы эң кооптуу кылмышкер делип, бир топ жылдан бери издөөдө жүргөн мафия башчысы Марко Ди Лаурону колго түшүрдү. Бул тууралуу LA Repubblica басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Аны полиция 2-март күнү өткөргөн атайын операция маалында кармады.

"Ошол учурда Ди Лауро аялча кийинип турган. Негизи эле ал акыркы жылдары тартип сакчыларына таанылбаш үчүн бир нече ирет пластикалык операция жасаткан", — деп жазылат макалада.

38 жаштагы Ди Лауро Италиядагы эң күчтүү мафиялардын бирин башкарып, айтылуу "Коза ностранын" башчысы Маттео Мессин Денародон кийинки эле кооптуу кылмышкер деп эсептелет.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0