Трамп буркан-шаркан түшкөндө. Эки саат сүйлөгөн ажо эмки шайлоого барарын айтты

© AP Photo / Jacquelyn MartinПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент элдин алдында өзүн бош кармап, протоколдон чыгып кеткен учурлары болгон. Сахнага чыкканда көшөгө артында турган мамлекеттик тууну кучактап жана аны ары-бери булгалаган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп ишемби күнү Мэриленде консервативдүү активисттердин алдында сүйлөп жатып, 2020-жылдагы президенттик шайлоодо мындан да ишенимдүү жеңиш болоруна убада берди. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"2020-жылы элдин алдына мындан да мыкты сүйлөп чыгабыз", — деген Трамп "АКШ, АКШ!" деп кыйкырып жаткандарга кайрылып.

Иш-чараны Ак үйдүн сайты түз алып берген.

Британиялык премьер-министр Тереза Мэй жана АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сунган колду суутуп... Трамптын белегин албай койгон Тереза Мэй
Трамп эки саат, тагыраагы, адаттагыдан узак сүйлөгөн. Элдин алдында өзүн бош кармап, протоколдон чыгып кеткен учурлары болгон. Сахнага чыкканда көшөгө артында турган мамлекеттик тууну кучактап жана аны ары-бери булгалаган.

Сүйлөп жатып атаандаштары менен кол алдында мурда иштегендерге тийишип барып токтогон. Тагыраагы, экс-генпрокурор Жефф Сешнс менен атайын прокурор Роберт Мюллер жана теле алып баруучуларды туураган.

Мюллердин АКШ менен Россиянын президенттеринин ортосунда байланыш түзүү аракетине да кайрылган. Айтмакчы, бул маалыматты Кремль да, Ак үй да четке кагып келет. Ал сүйлөп жатып Мюллер менен прокурордун биринчи орун басары эч кимге добуш бербегендигин айткан. Юстиция министрликтин жетекчилик жагын "жогору жактагы жылмаңдагандар" деп атаган.

"Бул жасалма иш аягына чыгып бара жатат дегендик окшойт. Россия менен эч нерсеси жок, эч кандай сүйлөшүүсү деле болгон эмес. Эми ал "болгон-бүткөн ал (Трамп – ред.) кол койгон келишимдерди, кагаздарды карап чыгалы. Финансысын да казалы деп жатат. Булар — оорулуу адамдар", — деген АКШнын президенти буркан-шаркан түшүп.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп менен Ким Чен Ын бир пикирге келген жок. Вьетнамдагы жолугушуу
Трамп саясий атаандаштары аны бийликтен "сасыган заң" сымал аргументтери менен кетирүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Президент, мындан сырткары, оппозициядагы демократтарды да жөн калтырган эмес. Анын айтымына караганда, бул адамдар айлана-чөйрөнү коргоп, адамдарга адилет мамиле жасоонун ордуна "башкаруучулар классынын бийлигине" умтулуп жатат.

Демократтар сунуштаган бир топ эле масштабдуу "Жаңы жашыл багыт" деп аталган экология багытындагы мыйзамды да мыскылдады. Сарказм менен эл демократтардын кандай экендигин көрсүн деп документти кош колдоп кубаттай турганын айткан.

"Бир да учак, бир да энергетика жөнүндө сөз жок. Шамал токтосо, энергетика жок болот. Кымбаттуу, бүгүн шамал болот бекен? Кымбаттуум менин, телевизор көргүм келип жатат", — деген демократтарды мыскылдап.

Встреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Ким Чен Ындын чач жасалгасы "мода" болууда. Сүрөт
Аны угуп тургандар кубаттаганын билдирип, кол чабышкан. Президенттин ал жердеги иш-чарасын чагылдырган журналисттер эл анын сөзү аяктап баратканда укпай, чыгып жөнөгөнүн, тарай баштаганын жазган. Ал эми президенттин өзү анын эки саат сүйлөгөнүн эл эч жакка кетпей тыңдагандыгын айтып аяктаган.

"Эл мени кагазды карабай сүйлөгөнүм үчүн шайлаган", — деген Трамп.

АКШ президенти коомчулукта ар кыл кылык-жоруктары менен эсте калган президенттердин бири. Бир ирет Трамп жети жашар Ллойд Коллмэн менен сүйлөшүп жатып, ага Санта Клауска ишенбей эле коюш керектигин айтып, бул коомчулукта көп сөздүн башы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0