Елизавета ханышанын көгөргөн колдору көптөрдү чочутту. Сүрөт

© REUTERS / POOLУлуу Британиянын ханышасы Елизавета II ханбийке Анна менен биргеликте Иордания королу Абдалла II жана канайым Ранияны, мураскер ханзаада Хуссейнди кабыл алууда
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II ханбийке Анна менен биргеликте Иордания королу Абдалла II жана канайым Ранияны, мураскер ханзаада Хуссейнди кабыл алууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптөрдү ойго салган сүрөт ал Иордания королу Абдалла II жана канайым Ранияны Букингем сарайында кабыл алганда тартылган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II көгала болгон колу менен сүрөткө түшкөнүн The Daily Mirror жазды.

Букингем сарайында ханыша ханбийке Анна менен биргеликте Иордания королу Абдалла II жана канайым Ранияны, мураскер ханзаада Хуссейнди кабыл алган.

​Сүрөт социалдык тармакка чыгып, ханышанын үй-бүлөсүнүн күйөрмандары Елизавета IIнин колу көгөрүп калганын байкап, жазып чыгышкан.

Бир тобу тынчсызданса, бир катарлары ар кыл түкшүмөлдөрдү айтышкан.

"О, кудай... Колунан жаракат алганбы? Тезирээк жакшы болуп кетсе экен", — деген Twitter аккаунтунун ээси.

"Айыгып кетсин", — деген дагы бири.

Маалыматтардын биринде колдун кайсы бир оорудан кийин көгөрүп калары жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0