АКШда коллекционердин үйүнөн 2000дей кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСөөк. Архив
Сөөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй ээсинин 2015-жылы эле көз жумганы айтылды.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. ФБР кызматкерлери 2015-жылы дүйнөдөн кайткан коллекционер Дон Миллердин Индиана штатындагы (АКШ) үйүнөн 2000дей кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу "Известия" жазып чыкты.

Эксперттер "табылганын" көбү америкалык индеецтерге, анын ичинен арикара уруусунун өкүлдөрүнө таандык экенин аныктап чыгышкан.

"Коллекциянын теңи америкалык индеецтерден мураска калса, ал эми экинчи жарымы дүйнөнүн булуң-бурчунан табылган", — деп айтылат макалада.

2014-жылы Миллердин коллекциясынан 42 миңдей артефакт конфискацияланган. ФБРдин маалыматы боюнча коллекционер экспонаттарынын көбүнө мыйзамсыз ээ болгон. Алынган буюмдар өз мекенине — Камбоджага, Канадага, Колумбия жана Мексикага кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0