Төшөк мамилесин видеого тартып башкаларга жөнөткөн кыздын кайгылуу тагдыры

© AP Photo / Jae C. HongТөшөктө жаткан аял. Архив
Төшөктө жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомчулуктун басмырлаган сөзүн көтөрө албай өмүрү менен кош айтышкан кызын энеси ак табытка салып, акыркы жайына узаткан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыязы өз өмүрүн кыйганга себепкер болгон каргашалуу бул видеону таратууга Тициана Кантонеге бир нече гана секунд кеткен деп жазды ВВС кайгылуу окуя туурасында.

2016-жылдын апрель айында Неаполдогу Муньяно-ди-Наполи аймагынын жашоочусу, 31 жаштагы Тициана Кантоне сексуалдык маанидеги бир нече видеону WhatsApp менен беш кишиге жөнөткөн. Анын бири ымаласы анча жакшы эмес жигити Серджио Ди Пало эле.

Беш адамдан бүт дүйнө угуп...

Видеого кыздын ар кыл эркектер менен болгон төшөк мамилесиндеги учуру тартылган.

"Жакшынакай, өтө тез жаралана турган адам эле. Ошол мезгилде кара ниет адамдар менен туура эмес учурда болуп калган", — деп айтып берген кыздын мурдатан берки курбусу Тереза Петросино.

Украинский чиновник оконфузился, включив порно во время совещания. Видео - Sputnik Кыргызстан
Украиналык аткаминер жыйында порноролик коюп алып, уят болду. Видео
Тициананын беш адамга жиберген видеосу көп өтпөй социалдык тармактарга жана порнографиялык сайттарга чейин чыгып кеткен.

Муну коомчулук балким көптүн катарында карап коюшмак беле, бирок кыздын эркектен "Тартып жатасыңбы? Азаматсың!" деген бир ооз сөзү окуяга таптакыр башкача өңүт берген.

Муну көргөн италиялыктар дароо илип кетип, азилге айландырып, Тициананын образын жүздөгөн футболкаларга басып, пародия кылып сайттарга илишкен.

"Эгерде кыз чындыгында эле видеодо тартылгандай маанайдагы кыз болсо бир жөн, кеп анын тез жараланган, башкача болгонунда турат", — деп жазган ВВС.

"Көпчүлүгү кандайдыр бир өксүк комплекси бар адамды интернетти жаргысы келгендер менен алмаштырып алышат. Сен бир окуяны видеого тартып, бирөөлөр менен бөлүшсөң болот, бирок андан ары тарап кетпеши керек деген айтылбаган бир түшүнүк бар", — деди социалдык тармак боюнча адис Сельваджа Лукарелли.

Соттогу кармаш

Тициана Кантоне, албетте, бул көрүнүштөн кийин абдан жаман абалда калган.

"Бул видеону такыр козгочу эмеспиз. Роликти көргүм келген да жок. Күчтүү болууга, көңүл бурбаганга аракет кылганы менен анын азап тартып, жаман болуп жүргөнү түшүнүктүү эле", — деген курбусу.

Тициана кеп-сөзгө алгандар менен күрөшүүгө аракет кылып, роликти интернеттен түп-тамырынан тазалап салууга кылган далалаты майнапсыз болду.

Кыз видеонун интернетке анын макулдугусуз жайгаштырылганын айтып, аны алдырып салуу боюнча сотко кайрылган. Бул учурда анын тынч жашоосу бүлүнгөн күндөргө айланган.

"Эл аны кадам сайын тааныгандыктан, көчөгө чыккысы да келбей калды. Ал бир учурда реалдуу жана виртуалдуу жашоо бири-биринен эч айырмаланбагандыгын сезди", — деген Тереза.

Кыз күндөн-күнгө басына берген.

Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Францияда фейк аркылуу кесиптештерин шакабалаган журналисттер иштен алынды
"Мындай абал эч качан чечилбестигин билди. Бул анын бетине өмүр бою көө жаап, видеону болочоктогу күйөөсү менен балдары көрөрүн, эч качан эч жакка жоголбой тургандыгын туйду", — деп айтып берген курбусу.

Тициана окуядан кийин өзү чоңойгон үйгө барып, сыртка көп чыкпай калган.

Энеси Мария Тереза Жильо көпкө чейин журналисттер менен жолукпай жүрүп, андан кийин гана кепке келген.

"Кызым жакшы адам болчу. Жалгыз өстүрдүм, атасын эч качан көргөн эмес. Балким, ошондон улам жаралуу болуп калганбы деп да кетем", — деген энеси маек берип жатып.

Энеси менен кызы чогуу жашаган. Мурда Тициана Италия музыкасын тыңдап, романдарды окуп, ал тургай пианинодо ойночу экен. Каргашалуу видеодон кийин такыр эле чөгүп кеткен.

2016-жылдын сентябрында уяттуу видео тарагандан беш айдан соң Неаполь соту аны бир нече сайттан жана издөө кылган агрегаттарды алып салуу боюнча токтом чыгарган. Анткен менен кызга соттук чыгымдарга 20 миң евро төлөөсүн эскерткен.

Акыркы чекит... ак табыт

2016-жылдын 13-сентябрында Мария Тереза ишке кеткен соң бир аздан кийин эле ага телефон чалышкан.

"Кайын сиңдим чалып, мени үйгө бар деди. Жетип келип эле Тез жардамды, полицияны көргөндө иштин жайын түшүндүм", — деп айтып берген көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп.

Кыз өзүнүн жашоосуна өзү кол салыптыр ...

Эртеси энеси коомчулуктун ажылдап басмырлаган сөздөрүн көтөрө албай өмүрү менен кош айтышкан кызын ак табытка салып, акыркы жайына узаткан.

Видеону интернетке ким жайып жиберген?

Кыздын өлүмү анын окуясын унутта калтыргандын ордуна жараны кайрадан ырбаткан. Эл баягы видеону кайрадан эстеп, издеген.

Аны энеси да күчүн жыйып, көрүп чыккан.

"Ишенбей кеттим, бир чындык табам дегем. Тилекке каршы, ал мен билген, менин Тицианам эмес, башкадай көрүндү. Кызым баңгизаттын таасиринде болгон окшойт", — деген энеси.

Энеси бул жөндөн жөн жасалбаганын, кимдир бирөөлөр атайылап уюштурган деген түкшүмөлүн айткан.

Кучакташып турган аял менен эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Швеция: эми түгөйлөр төшөк мамилеси үчүн алдын ала макулдук алышы керек
Мария Терезаны кызынын мурдагы жигити Серджио Ди Палонун бул видеонун таралышына жана пайда болушуна кандай ролу бар экендиги кызыктырган.

"Ал кызымды сактап калууга жардам берген жок, балким чындыкка жетүүгө жардам береттир. Мен азыр кайгынын чөлүндө турам", — деген энеси.

2016-жылдын ноябрь айында прокурор Ди Палону кызды өлүмгө ким түрткөн деген суроого жооп алуу үчүн 10 сааттай сураган. Анткен менен толук жооп болгон эмес.

Тициананын өлүмүнөн кийин Италияда жеке турмуш жана порнография боюнча талаш-тартыш, маанай суу сепкендей болбосо да басаңдап, көп сайттар тизгинин тартып калгандай болду.

"Менин оюмча, бул окуя италиялык журналисттердин жогорудай жагдайга болгон мамилесин жана талкуусун кескин өзгөрттү. Мурда башкача болсо, азыр өлүм баарын эсине аз да болсо келтиргендей болду. Абайлап калышты", — деген Сельваджа Лукарелли.

Ал эми башка жээктегилер кылык-жоругун обу жоктонуп интернетке кое бергендер үчүн сабак болмокчу деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0