ЖМК: АКШ Сириядан 50 тонна алтын чыгарып кеткен

© REUTERS / Leonhard Foeger / File PhotoЗолотые слитки в заводе "Oegussa" в Вене
Золотые слитки в заводе Oegussa в Вене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык аскерлер согушкерлердин коопсуздугуна кепилдик беребиз деп алтын алышкан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. АКШнын аскерлери Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясынан террорчулардан алынган 50 тоннага жакын алтынды чыгарып кетишкен. Бул тууралуу "Известия" басылмасы SANA агенттигине таянуу менен билдирди.

Россия развернула в Сирии ЗРК С-400 - Sputnik Кыргызстан
АКШ эми Индияга сөөмөй кезеп жатат
Маалыматка ылайык, америкалыктар согушкерлерден коопсуздугун кепилдеп беребиз деп 40 тонна алтын алышкан. Ал эми террорчулар алтынды Ирак менен Сириядан алып келип, Дейр-эз-Зор аймагына катып жүргөнү айтылат. Аскерлер дагы 10 тонна алтынды согушкерлердин жашырган жеринен табышкан.

28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын "Ислам мамлекети" басып алган аймагы толугу менен көзөмөлгө алынганын билдирген.

2018-жылы декабрда Трамп Сириядагы согушкерлерди жеңгенин айтып, жакында АКШнын аскерлери чыгарыларын маалымдаган. Бирок бул процесс улам кийинкиге жылдырылууда. 21-февралда Вашингтондун союздаштары Кошмо штаттардын контингенти чыгарылгандан кийин Сирияда калуудан баш тартып, пландарын кайрадан карап чыгууга даяр экенин кабарлашкан. Кийинки күнү Ак үй Сирияда "тынчтык орнотуучу топту" бир канча убакытка калтыра туруу чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0