Ким Чен Ындын октой учкан котормочусу интернет жылдызына айланды. Видео

© REUTERS / KCNAЛидер Северной Кореи Ким Чен Ын прибывает на железнодорожную станцию Донг Данг во Вьетнаме на границе с Китаем, 26 февраля 2019 года
Лидер Северной Кореи Ким Чен Ын прибывает на железнодорожную станцию Донг Данг во Вьетнаме на границе с Китаем, 26 февраля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Вьетнамдын Донг-Данг вокзалында болду.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын котормочусу бир нече метрлик жерден башчысынын жанына октой учуп жетип, интернет жылдызына айланды. Бул тууралуу RT жазды.

Окуя Вьетнамдын Донг-Данг вокзалында болду.

Ким Чен Ын Вьетнамга АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн келген. Лидер поездден чыгып, тосуп алгандар менен учураша баштаганда вагондо калып калган котормочу жетекчинин жанына көз ирмемде чуркап жетти.

​Окуянын видеосу заматта интернетке тарап кетти.

"Мына сага, күлүк", — деп жазды түштүккореялык журналист.

"Мунун таланты менен котормочу болуп жүрбөй, Олимпиадага катышса болмок", — деген пикирин Reuters агенттигинин Ханойдогу жетекчиси Жеймс Пирсон калтырды.

"Силер Ким Чен Ындын жансакчылары эле шамдагай деп ойлодуңар беле", — деп шакабалады BBC Сеул кызматынын кабарчысы Лаура Биккер.

​Дагы бир ЖМКнын өкүлү "Чуркаганын мындай койгула, кантип токтогонун байкадыңарбы? Элестеткиле, токтоно албай калып, улуу урматтуу лидерин бир сүзүп, анын үстүнө кулап калганын?" — деп күлдү.

​Өз пикирин калтырган айрым колдонуучулар котормочуга атактуу Усейн Болт дагы суктанмак деп тамашалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0