Красноярскиде жылдыз болгон кыргызстандык кондуктор: өз алдымча 6 тил үйрөндүм

© Фото / из личного архива Шохруха Илхамжана уулуКыргызстанец Амир работающий кондуктором в Красноярске
Кыргызстанец Амир работающий кондуктором в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Амирдин Красноярск шаарында жылдызы жанып турган чагы. Бул ирет катардагы кондуктор россиялыктарды таң калтырып, мактоого татыды. Амир алты тилди өздөштүргөн. Деген менен жашоо шарты аны Россияга барып иштөөгө мажбур кылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков Амир менен маек курду.

Таксист Нурсултан Кайназаров - Sputnik Кыргызстан
Аз жерден калдым! Москвада 1 млн. рублди ээсине кайтарган таксисттин маеги
Россиялык ишкер Олеся Ушакова кыргызстандык кондуктор жигиттин англисче сүйлөгөнүн угуп таң калганын Facebook баракчасына жазды. Ал автобуска түшүп, кондукторду тамашага салмакчы болгон. Мекендеш кайра анын оозун ачырып койгон.

Мындан улам Ушакова шаар бийлигине кайрылып, бул жигитке сыйлык берип, башка кесиптештерине үлгү катары көрсөтүүсүн сунуштады. Анткени Красноярскиде өтүүчү Универсиадага карата кондукторлорго да англис тилин үйрөтүү талабы коюлуп жаткан.

— Окуя тууралуу айтуудан мурун өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз.

— Мен 2016-жылдан бери Красноярск шаарында кондуктор болуп иштейм. 22 жаштамын, Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Масы айылында туулгам. №3 Рашид Алимбаев атындагы мектепте 9-каласска чейин окуп, кесиптик лицейге тапшырдым. Ал арада тойлордо тамада болуп да иштечүмүн. Үй-бүлөдө жалгыз баламын. Атам 53 жашта, пахта, жер жаңгак өстүрүп дыйканчылык менен алектенет. Апам 45 жашта, үй кожойкеси. Өзүмдүн атым Шохрух Илхамжан уулу. Амир каймана атым десем болот. Бул ысым эмнени түшүндүрөт дегендерге "мурда Амир деген кол башчы болгон, салыштырып айтканда азыркынын Путини" деп коём.

— Эми россиялык ишкер аял менен кездешүүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз.

— Жекшемби күнү бир аял автобуска түшүп: "Эмнеге жол кире бир жерде арзан, бир жерде кымбат? - деп сурады. - Красноярскиде жол кире көтөрүлүп жатат, бирок муниципалдык автобустарга тариф өзгөрө элек",- дедим. Андан соң англисче суроо бере баштаганда мен да жооп берип койсом, "Англисче билесиңби?" - деп таң калуу менен карады. Анан эки-үч аялдамага чейин сүйлөшүп бардык. Ага Кыргызстан тууралуу айтып бердим. Конокко чакырса, бара турганын айтты. Универсиаданын алдында практика кылып алдым. Натыйжада анын тамашасы мага пайда алып келди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @amirilxom021105

— Интернетте видеоңуз тарап, жергиликтүүлөр сизди алкап жатканын көргөндө кандай абалда болдуңуз?

— Ал аял видеону соцтармакка чыгарганын көрбөптүрмүн. 2-12-март күндөрү Красноярскиде кышкы Универсиада өтөт. Ошого ыктыярчы болууга документтеримди тапшырып жүргөм. Анан эле "Прима" телеканалынан чалып "Сизден интервью алалы дегенбиз" десе таң калып, кандай интервью десем, "Сен биздин жылдызсың!" дейт. Эмне болуп жатканына такыр түшүнгөн жокмун. Социалдык тармакта мени талкуулап жатканын айтып, жаңылыктарды жөнөттү. Ишенесизби, көрүп, көзүмө жаш тегеренип кетти. Баарынан да "кыргызстандык кондуктор россиялык аялды таң калтырды" дегени жүрөктү толкутту. Кубанган эмоциямды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Кыргызстандын аты аталганы мен үчүн чоң сыймык болду.

— Кыргызстандагы ата-энеңиз жакшы кабарыңызды угуштубу?

— Чынын айтканда билбейт экенмин. Сүйлөшө элекпиз. Өзүм айтпай, башка жактан угуп, анан мага чалышса жакшы болмок. Мен үйдөн Москвага барам деп чыккам, Красноярскиде экенимди билишпейт. Ошон үчүн атам урушпасын деп жатам, башка жактан укса кичине жибип калат го. Негизи атам жакшы адам, түшүнөт деп үмүттөнөм. Биринчи келгенде мага Россиянын жарандыгын алууга жардам берем дегендер болуп кызыгып калгам. Бул тууралуу атам менен кеңешсем, "Өзүңдүн мекениңе конок болуп келесиңби? Ошол сага керекпи?" - деп бир сөз менен эле оюмду өзгөртүп койду. Ошондо түшүнүп, жарандык алуудан баш тарттым. Азыр кайсы жерде болбосун улутум өзбек, бирок кыргызстандыкмын дейм. Ата-энем жакшы тарбия бергени үчүн ушул эрезеге жеттим да.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @amirilxom021105

— Англис тилин каяктан үйрөнгөнсүз?

— Англис тилин өз алдымча интернеттен окуп ар тараптан аракет кылып жүрүп үйрөнүп алгам. Курстарга да барайын дегем, каражат маселеси тоскоол болду.

— Анда тил үйрөнүүгө эмне түрткү болду, кандайдыр бир максатты көздөдүңүз беле?

— Мектепте окуп жүргөндө котормочу, журналист болууну кыялданып тил үйрөнүүгө кызыкчумун. Тилекке каршы, жогорку окуу жайга тапшырууга үй-бүлөбүздүн чама-чаркы жетпеди. Атамды көп кыйнагым келген жок. Андан көрө чет өлкөгө барып иштейин дедим. Окууга буйруган күнү тапшырам. Учурда англис тилинен сырткары түрк, кыргыз, өзбек, казак, орус тилдеринде сүйлөшө алам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @amirilxom021105

— Ушунча тил билгенден кийин кондуктордон башка жумуш тапсаңыз деле болмок да, же жаңыламбы?..

— Биринчи келгенде эле кондуктор болгом. Башка жумуш издеп таба алган эмесмин. Мага ылайыктуусу кондуктор болду. Эми жардам бергендер болсо, мамлекеттик жумуштарда иштесем деп кыялданам. Мен да Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошсом дейм. Ата Мекенди коргогум келет. УКМК жана Куралдуу күчтөрдө иштөөгө кызыгып жүрөм.

— Автостоп менен саякаттап жүрөт экенсиз, кайсы шаарларга чейин барып келдиңиз?

— Эң биринчи Красноярск шаарына келгем. Андан соң Москва, Белоруссия, Прибалтиканы көрүп келдим. Кийин Кавказды кыдырдым, Санкт-Петербург, Түндүк Осетия, Азербайжанга чейин бардым. Кыргызстанга да эки жолу барып келгем. Бир ай мурда кайра Красноярскиде иштеп баштагам. Маянасы өзүмдү бакканга жетет, үйгө жөнөткөнгө да аракет кылам. Кондуктордун иши деле оор, ар кандай адамдар болот эмеспи. "Жумуш адамдын эмес, адам жумуштун көркүн чыгарат" дейт го.

© Фото / Шохрух Илхамжан уулуАмир үч жылдан бери Красноярск шаарында иштеп жүрөт
Красноярскиде жылдыз болгон кыргызстандык кондуктор: өз алдымча 6 тил үйрөндүм - Sputnik Кыргызстан
Амир үч жылдан бери Красноярск шаарында иштеп жүрөт

— Соңунда эркин микрофон берели, ата-энеңизге, Кыргызстанга айтчу сөзүңүз болсо айтып алыңыз.

— Мүнөзүм атама окшош болбосо да, мен андан жашоомо керектүү көп нерсени үйрөнгөм. Ата-энемдин бар экенине сыймыктанам. Эгер алар болбогондо мен англисче сүйлөбөйт болчумун. Өзгөчө менин шоктугумду көтөргөнүнө рахмат айтам.

Кыргызстандыктарга ыраазычылыгымды билдирем. Мекендештериме айтарым, өлкөдөн чыккандан кийин ал барган жеринде Кыргызстандын жүзү болуп эсепетелет. Иштегени же окуганы барабы, кандай максат менен жүргөнү айырмасы жок. Колунда кыргыз паспорту турганын унутпашы керек.

Коомчулуктун көңүлүн бурдурган Олеся Ушаковага да алкыш айтам.

Жаңылыктар түрмөгү
0