Instagram ханышасы! Эң көп катталуучусу бар айым аныкталды

© REUTERS / Mario AnzuoniТоржественная церемония вручения музыкальных наград American Music Awards в Лос-Анджелесе
Торжественная церемония вручения музыкальных наград American Music Awards в Лос-Анджелесе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык жылдыздардын баракчасына катталгандардын саны 146 миллиондон ашат.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Америкалык ырчы Ариана Гранде Instagram тармагынын эң атактуу айымы аталганын Billboard журналы жазды.

Бул ирет ал биринчиликти бербей келе жаткан кесиптеши Селена Гомести артта калтырып, 19 миңге көбүрөөк адамдын көңүлүн бура алган. Экөөнө тең катталгандардын саны 146 миллиондон ашат.

Верифицированные страницы социальных сетей известных людей из КР - Sputnik Кыргызстан
Каримова, Шевченко, Бабанов... Соцтармакка расмий катталган атактуулар
АКШнын популярдуу журналы чыгаар алдында Гранде аудиториясын кеңейтип, баракчасын активдүү колдоно баштаган. Мунун натыйжасында аккаунтуна 13 миллион адам кошулган.

Бул учурда Гомес ден соолугуна байланыштуу баракчасына анча көңүл бура албай калганы айтылат.

Февраль айынын башында футболчу Криштиану Роналду Instagram тармагына катталуучуларынын саны боюнча рекорд койгон. Ага 150 миллион адам катталган. Муну менен ал эркектердин арасында эң популярдуу деп аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0