Сауд Аравия тарыхта биринчи жолу АКШга аял элчи дайындады

© AFP / YASIN AKGULСауд Аравиянын желеги. Архив
Сауд Аравиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы Forbes журналы Риманы араб дүйнөсүндөгү эң таасирдүү 200 аялдын катарына киргизген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Сауд Аравиянын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд канбийке Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Саудду АКШга элчи кылып дайындады. Бул тууралуу SPA агенттиги жазды.

Встреча полномоченого посла КР в государстве Катар с г-ном Мисфери Хамадом Аль-Шахвани - Sputnik Кыргызстан
Катардагы элчи тышкы иштер министринин биринчи орун басары болду
Ага ылайык, Рима - ханзада Бандардын кызы. Ал Саудиянын Вашингтондогу элчилигин 1983-жылдан 2005-жылга чейин башкарган. Рима билимди АКШдан алып, тарыхый мурасты сактоо жаатында окуган.

2014-жылы Forbes журналы Риманы араб дүйнөсүндөгү эң таасирдүү 200 аялдын ичине киргизген. Ал элчи болуп дайындалганга чейин спорт боюнча башкы федерациянын жетекчиси болуп иштеп келген.

Сауд Аравиянын падышасы өлкөнүн АКШдагы элчиси Халед бен Салманды иштен алып, министр рангындагы коргоо министринин орун басары кылып дайындаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0