Төшөк кумары менен чүчкүрүктүн байланышы бар экени аныкталды

Жазылуу
Көрсө, адам мурунга чаң киргенде же күндү караганда гана чүчкүрбөйт экен.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Окумуштуулар төшөк кумары менен чүчкүрүктүн байланышы бар экенин аныкташканын РИА Новости агенттиги жазды.

Англиянын тургуну 2008-жылы Жон Рэдклифф ооруканасына кайрылып, секс тууралуу ойлонсо эле чүчкүрө баштарын айткан. Мындан улам адистер бул көрүнүштү иликтөөгө алууну чечкен.

"Интернетке анонимдик форум ачып, төшөк кумарына байланышкан чүчкүрүктөр тууралуу суроо салганда активдүү талкууга 146 адам катышкан. Алардын ичинен айрымдары секс тууралуу ойлоно койсо эле чүчкүрөрүн айтса, башкалар сүйүктүүсү менен "сүйүү оюндары" аяктаганда көп чүчкүрөрүн билдиришти", — деп жазылат макалада.

Иликтөө жүргүзгөн дарыгерлерге тааныштары дагы ушундай көрүнүштөр жөнүндө айтып беришкен.

Учурда окумуштуулар дене кумары менен чүчкүрүктүн байланышы бар экенин билгени менен анын себеби эмнеде экенин так аныктай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0