Бир жашар япондук наристени көйкөлгөн чачы жылдыз кылды. Сүрөт

© PRAKASH MATHEMAЧач. Архив
Чач. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактардын жылдызы дүйнөлүк бренддин жүзү болууга чакыруу алып, анын эң жаш модели болуп калды.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Чоң кишиникиндей калың жана узун чачы бар бир жашар япон кызы социалдык тармактардын жылдызына айланып, белгилүү бренддин жүзү боло алды. Бул тууралуу ABC News жазды.

Маалыматка караганда, Чанко аттуу наристенин аккаунтуна жарыяланган 104 посттун ар бири миңдеген лайктарды чогулткан. Жалпы 400 миң жазылуучусу бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 髪記録 / hair diary (@babychanco)

Анын алгачкы сүрөтү интернетке төрт айлык кезинде жүктөлгөн. Өз курагы үчүн өтө эле калың чачы соцтармак колдонуучуларын таң калтырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 髪記録 / hair diary (@babychanco)

"Кызыбыз мода дүйнөсүнө аралашат деп үмүт кылабыз. Өзүнүн өзгөчөлүгү менен Япониянын сулуулугунун жана маданиятынын символу боло алат деген ишеним бар", — деди бөбөктүн апасы телеканалга маек берип жатып.

Жакында эле кызды белгилүү бренддин жүзү болууга чакырышып, бөбөк компаниянын эң жаш модели болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0