Аялдардын баскан-турганын аңдыган тиркеме чуу жаратты

© AFP / FAYEZ NURELDINEХиджаб кийген аялдар. Архив
Хиджаб кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиркеме мамлекеттик кызмат көрсөтүү катары гана иштебестен, аялдардын паспортун кантип колдонуп жатканын да аңдып, бул тууралуу үйдөгү эркекке маалымат берип турган.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. AppStore жана Google Play интернет дүкөнүндөгү Absher тиркемеси аялдардын баскан-турганын аңдый турганын Washington Post басылмасы жазды.

Эң кызыгы, бул тиркемени Сауд Аравиядагы эркектер активдүү колдонушат.

Официальный магазин Xiaomi в Москве - Sputnik Кыргызстан
Телефондун экраны аркылуу ээсин көзөмөлдөп турган тиркемелер аныкталды
Тиркеме мамлекеттик кызмат көрсөтүү катары колдонулат. Саударавиялыктар тиркеме аркылуу паспорт алып, транспортун каттай алат. Бирок басылма Сауд Аравиянын ИИМи тиркемени жарандардын маалыматтарын топтоо үчүн колдонуп келгенин жазган.

Андан сырткары, тиркеме эркектерге аялдардын паспортун кайда, кантип колдонуп жатканы тууралуу да маалыматтарды берип турат. Аны билген эркек аялынын же кыз бир тууганынын чет жакка чыгуусун жана өлкө ичинде ээн-эркин жүрүүсүн чектеп коё алат.

Мындай ызы-чуу Apple компаниясынын башчысы Тим Кукка да жетип, ал маселени тыкыр карап чыгабыз деп сөз берди.

Human Rights Watch укук коргоо уюму аталган тиркеме аялдардын укугун басмырлай турганын билдирди. Аны менен катар Apple жана Google компанияларына бул окуяга чара көрүүгө чакырды. Ал эми америкалык сенатор Рон Уиден аталган компанияларга Absher тиркемесинин ишин токтотууну суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0