Британияда башы ооруп уктап калган кыз эне болуп ойгонду

© AFP / DIDIER PALLAGESКесарево операциясын жасап жаткан дарыгерлер. Архив
Кесарево операциясын жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башы чыдатпай ооруп, аягында эсин жоготуп жыгылган кыздын апасы тез жардам чакырткан.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Улуу Британияда 18 жаштагы студент Эбони Стивенсон башы ооруп уктап калып, эртеси эне болуп ойгонду. Бул тууралуу Manchester Evening News басылмасы жазды.

Башы чыдатпай ооруп, аягында эсин жоготуп жыгылган кыздын апасы тез жардам чакырткан. Келген дарыгерлер кызды "кош бойлуу эмеспи" деп сураганда апасы таң калган.

Ооруканага тез арада жеткирилген студентти текшерүүдөн өткөргөн соң дарыгерлер аны препараттардын жардамы менен комага түшүрүп, андан соң кесарева жолу менен төрөтүп алышкан.

"Бул өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Мында аялдын кош жатыны болуп, бири далы жагында жайгашат. Дал ошол жатында түйүлдүк билинбей чоңоюп, экинчи орган кадимки функциясын аткара берет. Жада калса этек кири дагы кадимкидей келип турат", — деп түшүндүргөн дарыгерлер.

Эбони ойгонуп, кызын көргөндө алгач шок абалында болгон. Кийин жүрөгү жылып, ооруканадан чыгып баратканда чексиз бактылуу экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0