Словения: сэндвич уурдаган депутат мандатынан кол жууду

Жазылуу
Ал сатуучулардын ага көңүл бурбай жатканынан пайдаланып, алган товарларынын акысын төлөбөй кетип калган.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Словениянын парламентинин депутаты Дарий Крайчич дүкөндөн уурдалган сэндвич чырына катыштыгы бар болуп чыккандыктан мандатын тапшырууга аргасыз болду. Бул тууралуу Reporter басылмасы жазды.

Приют в центре города Солт-Лейк-Сити - Sputnik Кыргызстан
Таиландда калыңга акчасы жетпей, кемпирди тоногон жигит кармалды
Эл өкүлүнүн айтымында, ал өмүрүндө биринчи жолу кокусунан уурулук кылган. Супермаркетте соода кылып жатып, сатуучулар ага көңүл бурбай өз алдынча сүйлөшүп жатышканын байкаган. Ал учурдан пайдаланып дүкөндүн коопсуздук системасын текшерүү максатында алган товарларынын акчасын төлөбөй чыгып кеткен.

Ал бул кылыгын кесиптештерине айтып бергенде алар каткырып күлүшкөн. Бирок фракция башчысы Бран Голубович депутат Крайчичтин кадамын сынга алып, ал жыйынтыгында мандатын тапшырууга аргасыз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0