19:06 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Австралиядагы суу ташкындын кесепети. Архивдик сүрөт

Австралиядагы cуу ташкындан 500 миңден ашык мал өлдү. Сүрөт, видео

© REUTERS / AAP Image / Dave Acree
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
710 0 0

Апта башында Квинсленд штатына нөшөрлөп жамгыр жааган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Австралиядагы суу ташкындан жарым миллиондой бодо мал өлгөнүн CNN телеканалы билдирди.

Апта башында Квинсленд штатына нөшөрлөп жамгыр жааган. Бир нече күндө эле бир айлык нормадагы жаан жаап, аймактын көпчүлүк аймагын суу каптаган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жаратылыш кырсыгынан 500 миңге жакын бодо мал өлгөн. Алардын баасы 213 миллион доллар деп бааланууда.

Квинсленд штатынын премьер-министри Анастасия Палащуктун билдиришинче, аталган аймакта көптөн бери кургакчылык өкүм сүрүп, суу ташкындан кийин бул жер алааматка айланган. Мындай көрүнүш буга чейин такыр болгон эмес.

Квинсленд аймагында бодо мал багуу менен алектенген AgForce уюмунун аткаруучу башкы директору Майкл Гериндин айтымында, эми фермерлер ишин жөнгө салып кетиши үчүн ондогон жылдар керектелет.

"Бир нече жыл кургакчылыктан кийин болгон мындай сокку жүз миңдеген малдын башын алды, ал бир гана фермерлерге эмес, айылдагы бирикмелерге да чоң жоготуу алып келди. Айрым фермерлер бардыгынан кол жууду", — деди ал.

Учурда өлгөн малды көмүү боюнча көйгөйлөр чыгууда. Анткени көмүлбөгөн мал таза сууга терс таасирин тийгизүүдө.

Тема боюнча

Токой чарбасы агенттигиндегилердин көбү жазаланып, кээ бири кызматтан кетти
Элдин малын кырып жиберген. Ак-Сууда алты карышкыр атылды. Сүрөт
Белгилер:
жамгыр, мал, Суу, Австралия

ЭҢ МААНИЛҮҮ