Алаксыбачы! Путин Татарстандын башчысына эки ирет эскертүү берди. Видео

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушуу учурунда
Россия президенти Владимир Путин Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин Казань шаарында өтүп жаткан жолугушуу маалында Татарстандын башчысы Рустам Миннихановго эки ирет эскертүү берди.

БИШКЕК, 13 фев — Sputnik. Биринчи жолу Миннихановго Россия лидери "Турак жай жана шаар чөйрөсү" улуттук долбоорунун алкагында шаардыктар менен жолуккан учурда нааразы болду. Путин суроолорго жооп берип жатып жетекчиге кайрылганда, ал жанында отурган адамдын сөзүнө алаксып кетип, президенттин сөзүн дароо укпай калган.

"Рустам Нургалиевич! Рустам Нургалиевич! Башкага алаксыбачы, бул эмне кылганың? Бизди уккан жоксуң", — деген Путин суроонун башын укпай калган башчыны ыңгайсыз абалга таштагысы келбегенин айтты.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путиндин маалымат кызматында иштегендердин айлыгы айтылды
РИА Новости кабарлаганына караганда, Путин андан бир нече саат өткөндөн кийин Мамекекеттик кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып, президиумга Миннихановду чакырды. Бирок ал ошол учурда залда жок болуп чыккан.

"Кетип калдыбы? Кайда кетти ал?" — деп сурады Путин.

Кийин татар президентинин маалымат кызматынын өкүлү Минниханов ошол учурда залда эле болуп, микрофонго бара жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0