АКШнын мамлекеттик карызы рекордунан ашып түштү

© REUTERS / Mike SegarАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылкы февраль айынын башынан бери эле карыздын үстүнө 90 миллиард доллар кошулуп, 22,012 триллион долларга жетти.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик карызы өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу 22 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу мамлекеттин Каржы министрлигине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын карызы ай сайын он миллиондогон долларга өсүүдө. График
Бул жылдын февраль айынын башынан бери эле карыздын үстүнө 90 миллиард доллар кошулуп, 22,012 триллион долларга жетти.

Usa Today басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын мамлекеттик карызы Дональд Трамп президентикке келгенден бери күн санап өсүүдө. Буга бюждетке 1,5 триллион доллар чыгым келтирген салык реформасы жана коргонууга кеткен каражаттын көбөйүшү себеп болууда.

2018-жылы АКШнын бюджетиндеги дефицит 17 пайызга өсүп, 779 миллиард доллар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0