Францияда фейк аркылуу кесиптештерин шакабалаган журналисттер иштен алынды

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationFacebook социалдык тармагынын логотиби. Архив
Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар негизинен аял журналисттерди шылдыңдап, интернетте талоонго алышчу.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Франциянын бир нече аттуу-баштуу журналисттери Facebook тармагына фейк-аккаунттар менен катталып, башка кесиптештерин шакабалап жүргөнү билинип, кызматынан айдалды. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Алар негизинен аял журналисттерди шылдыңдап, интернетте талоонго алышчу.

Интернет-бар в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Интернеттен таанышуунун кооптуулугу артты
Мисалы, белгилүү Libération гезитинин кабарчысы Венсен Глад, Les Inrockuptibles журналынын редактору Давид Дусет порно жылдыздардын сүрөттөрүнүн беттерине реалдуу журналист аялдардын жүзүн коюп, зордуктоолор жөнүндө шакаба постторду жазышчу.

Ал тургай Давид Дусет илимий темаларга көбүрөөк кайрылган Флоранс Порсель аттуу журналистке телефон чалып, ага кайсы бир директордун атын айтып таанышкан. Сүйлөшүү маалында таптакыр жок кызматты сунуштап, журналистти макул кылган. Кийин сүйлөшүүнүн аудиосун интернетке илип салган. Уятына чадабаган Порсель катуу стресске кабылып, өзүнө араң келгени жазылат.

Калемгерлердин мындай жоругун Франциянын Маалыматтык технологиялар боюнча министри Мунир Махжуби сынга алып, журналисттерди "башкалардын сезими менен эсептешпеген акмактар" деген баа берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0