Стамбулда аскер тик учагы кулап төрт киши каза болду

© REUTERS / Umit BektasКрушение вертолета в Стамбуле
Крушение вертолета в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тик учак Чекмекёй кварталында аварияга учураган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Стамбулда аскер учагы кулап төрт аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости шаардын губернатору Али Ерликайага шилтеме берип жазды.

Буга чейин губернатор төрт киши жабыркаганын айткан болчу.

“Саат 18:51де (Бишкек убактысы боюнча 21.51) аскер тик учагы Чекмекёй кварталында аварияга учурады. Кырсыктын келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Жаракат алган төрт аскер кызматкери ооруканага жаткырылган, бирок тилекке каршы бардыгы тең дүйнө алмаштырды. Башка жабыркагандар жок”, - деди Ерликайя.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тик учак техникалык себептерден улам кулаган.

Мындай окуя Стамбулда биринчи ирет болуп жаткан жок. Өткөн жылдын 26-ноябрында тик учак Санджактепе районундагы Фыртына көчөсүнө кулап түшкөн. Анда дагы төрт аскер адамы каза тапкан. Дагы бирөө жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0