Индияда жасалма арактын кесепетинен 100гө чукул киши каза болду

© AFP / HOANG DINH NAMИчилик ичип жаткан адамдар. Архив
Ичилик ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-февраль күнү кечинде бир катар айылдардын жашоочулары жасалма арак ичип каза болгондорду жайына берүү үчүн чогулушкан.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Индиянын түндүгүндө жайгашкан Уттар-Прадеш жана Уттаркханд штаттарында жасалма арак ичип 97 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Атасынын арагынан балдар көчөгө чыга албай калды. Ичкилик менен алышкан бүлө

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, 7-февраль күнү кечинде бир катар айылдардын жашоочулары каза болгондорду жайына берүү үчүн Баллупур кыштагына чогулушкан.

Көз жумгандар тууралуу алгачкы маалымат жума күнү белгилүү болгон.

Полиция иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз чыгарылган 10 миң литр ичимдик тартып алынган. Ошондой эле 200 киши кармалган. Окуяга байланыштуу акциздик башкармалыктын бир катар кызматкерлери жумуштан айдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0