Арзан, сапаттуу жана эң ыңгайлуу унаалар аталды

© Sputnik / Сергей КузнецовVolkswagen автоунаасы. Архив
Volkswagen автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Серепчилер унааларды баасынын арзандыгына, пайдалуу опцияларына жана сырткы көрүнүшүнө карап тандашкан.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. SpeedMe порталынын серепчилери Россиянын рыногундагы эң ыңгайлуу беш унааны атады.

Серепчилер унааларды баасынын арзандыгына, пайдалуу опцияларына жана сырткы көрүнүшүнө карап тандашкан.

Рейтингдин сап башында Volkswagen Polo машинасы турат. Серепчилердин айтымында, ал Россияда эң көп суроо-талапка ээ. Автомобилдин бул түрүнүн баасы анча кымбат эмес жана жакшы сапатта жасалган.

Экинчи орунга Mitsubishi ASX илинген. Баасы жеткиликтүү, өзү ыңгайлуу.

Стоянка у терминала Международного автомобильного оператора (ICO) в Зебрюгге - Sputnik Кыргызстан
4 миң долларга арзандаган машиналар! Кыргызстандын унаа базарындагы жагдай
Андан кийинки орунду Япониядан чыккан Toyota Camry ээлеген. Ал дизайны, ыңгайлуулугу жана баасы менен кардарды өзүнө тартып турат.

Рейтингдин төртүнчү катарына кореядан чыккан B класска кирген Kia Rio унаасы илинген. Адистердин айтымында, ал күйүүчү майды аз ичип, тыкан келет. Мындан сырткары, унаанын бул түрү көзгө көрүнүктүү жана унаа ичи жайлуу.

Бешилтиктин ичинде Nissan Qashqai үлгүсүндөгү машина дагы бар. SpeedMe порталынын адистери белгилегендей, анын акыркы үлгүсү техникалык жактан жакшыртылып, дизайны да өзгөчө, ыңгайлуу болуп жасалган.

Буга чейин "Автостат" агенттигинин эксперттери дүйнөдө көп сатылган кроссоверлерди аныктаган. Анда биринчи орунга Toyota RAV4 унаасы чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0