Көчөдөн көргөндө жүрөк түшүп... Бетин түк баскан индиялык баланын сүрөтү

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүОтдых в Сочи
Отдых в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер баланын сейрек кездешкен гипертрихоз деп аталган айыккыс оорудан жапа чегерин билдиришти.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Индиялык 13 жаштагы окуучу Лалит Патидар бетин жүн каптаган ооруга чалдыккан деп жазды The Daily Mail басылмасы.

​Өспүрүм Мадхъя-Прадеш штатындагы Ратлам шаарында жарык дүйнөгө келген. Дарыгерлер анын сейрек кездешкен гипертрихоз деп аталган айыккыс оорудан жапа чегерин билдиришти. Мында адамга түк ашыкча өсүп кетип, ал кадимкидей эле иттин жүнүнө окшоп калың чыгат.

Маалыматта дүйнөдө мындай илдетке кабылган 50гө чукул адам бар экендиги айтылат.

13 жаштагы баланы мектепте баары тааныйт, кээде биринчи жолу көргөндөр чочуп кетип, кол салып жиберген учурлар бар. Мындай жагымсыз жагдайларга карабастан, Лалит Патидар өзүнүн кебетесине көнүп калган.

Келечекте полиция кызматкери болууну, ата-энесин, бир туугандарын өзүнүн ак эмгеги менен акча таап багууну кыялданат.

Буга чейин сакал өсүп кеткен 24 жаштагы Харнаам Каур туурасында маалыматтар интернетке чыккан. Кыз чачтын кескин өсүшүнө алып келген сейрек кездешүүчү оору менен жабыркай турганы айтылган

Жаңылыктар түрмөгү
0