Кувейтте никеси кыйылган түгөйлөр үч мүнөттөн кийин ажырашып кетти

CC BY 2.0 / Kurt Farrar / Wedding rings... readyОбручальное кольцо на ладони
Обручальное кольцо на ладони - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя өлкө тарыхындагы эң кыска нике болуп калды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кувейтте жаңы эле никеси кыйылган түгөйлөр үч мүнөттөн кийин ажырашып кетти. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Окуя өлкө тарыхындагы эң кыска нике болуп калды.

"Сүйүшкөндөр сот залында нике келишимине кол коюп сыртка чыгышканда колукту чалынып кеткен. Жолдошу аны колдогондун ордуна "эси жок" деп жемелеп койгон. Буга ызаланган жубайы сот залына кайтып барып, ажырашып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактын колдонуучулары окуяны кызуу талкууга алышты. Алардын кээ бирлери кызды колдосо, дагы бири жемелеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0