Путиндин маалымат кызматында иштегендердин айлыгы айтылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВладимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Архив
Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Песков анын айлыгы өлкөдөгү "эң жогорку маяналардын катарында" экенин айтты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Россия президентинин маалымат кызматында иштегендер жумушка кантип алынарын, карьерасы боюнча кантип көтөрүлөрүн жана канча айлык аларын "Медиадень" форумунда сүйлөп жатып Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, маалымат кызматындагылар бир топ тепкичти басып өтүшөт.

"Алгач адис, анан консультант, кеңешчи, мындан соң департамент жетекчисинин орун басары, департаменттин жетекчиси, референт, башкармалык жетекчисинин орун басары болот. Бул өтө узак жол", — деди Песков.

Избрание нового кабмина КР - Sputnik Кыргызстан
Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн айлыгы жана кошумча киреше булагы. Декларация

Анын айтымында, айлык акы 50-60 миң рублден башталат, андан сырткары, сый акы да каралган. Песков маянага бир топ кошумча каражат бөлүнөрүн, бул нерсени бухгалтерлер гана жакшы түшүндүрүп бере аларын белгиледи.

Өзүнүн айлыгы"эң жогорку маянанын бири" экенин айтып, так бир санды айтуудан баш тартты.

"Канча аларымды айтпайм, бул менин укугум. Декларацияда баары көрсөтүлүп турат. Бул жактан мен таптазамын", — деди Песков.

Киреше декларациясына ылайык, 2017-жылы маалымат катчы 14,343 миллион рубль айлык алган.

Sputnik Кыргызстан буга чейин Кыргызстандагы көп айлык алган аткаминерлерди тизмектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0