Окумуштуулар депрессиядан арылтчу диетаны айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность республиканского наркологического центра в Бишкеке
Деятельность республиканского наркологического центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары илимпоздор көптөгөн дары-дармек ойлоп табышкан, бирок алардын көбүнөн бейтап семирип, зат алмашуусу начарлап кетет.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Туура тамактанган адамдар майлуу жана зыяндуу азык-түлүктү пайдалангандарга караганда депрессиядан тез чыгат. Мындай бүтүмгө британиялык медиктер келген.

Бүгүнкү күндө өнөкөт депрессия психикалык оорунун кеңири жайылган түрү болуп эсептелет.

"Биз жашоо мүнөзүн өзгөртүү маанайды көтөрүп, депрессиядан арылууга шарт түзөрүн далилдедик. Мында диета менен эле чектелип калбай, спорт менен машыгуу да жакшы жыйынтык берери айтылат", — деди Брэндон Стаббс аттуу окумуштуу.

Мээнин рентгени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мээни жашартуунун ыкмасы табылды
Депрессияга кабылган адамдын адатта жашоого болгон кызыгуусу төмөндөп кетет, өзүн баалабай калат. Илдет апатия жана башка терс көрүнүштөр менен коштолот. Акыркы жылдары илимпоздор көптөгөн дары-дармек ойлоп табышкан, бирок алардын көбүнөн бейтап семирип, зат алмашуусу начарлап кетет.

Стаббстын айтымында, жашоо мүнөзүн жана тамактануусун өзгөрткөн адамдар депрессиядан кутулган, жок эле дегенде аны басаңдатып кое алган.

Окумуштуулар 16 иликтөөнүн жыйынтыгын карап чыгышкан. Аларга жарымы дал ушул депрессиядан жабыркаган 46 миң киши катышканы айтылды. Натыйжада жер ортолук деңиз диетасында отургандар ыктыярчылардын үчтөн эки бөлүгүнө оорусунан арылууга жардам берген. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар экени маалымдалды.

Стаббстын кесиптеши Жозеф Фирт туура тамактануудан киши арыктай турганын, бул өз кезегинде көп чарчатпай, организмди тазалай турганын айткан. Мындай жагдай адамдын маанайын көтөрөрү шексиз экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0