Интернетке байланып калуудан кантип сактануу керек? Психиатрдан 4 кеңеш

© AFP / ED JONESПользователь ПК за работой
Пользователь ПК за работой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет, социалдык тармак жана смартфонго үңүлүп отура берүү — бир эле эмес, миллиондогон адамдын көйгөйү.

БИШКЕК, 6-фев. – Sputnik. Француз психиатры Лоран Карила социалдык тармактарга байланып, телефон менен компьютерден көзүн албай калгандарга кеп-кеңешин берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Убакытты уурдаган интернет, социалдык тармак жана смартфонго үңүлүп отура берүү — бир эле эмес, миллиондогон адамдын көйгөйү.

Эгерде мындай адаттан арылам десеңиз, жаңы билдирүү келди деген функцияны өчүрүп жана жатаарда телефонду такыр эле колго албай койгон оң.

Психиатр интернетке байланып калган белгилерди санап берди. Алар — көзөмөлдү жоготуп коюу, телефондун колдон түшпөй калышы, смартфонду узакка кароо, булардын ден соолукка зыянын билип туруп деле колдоно берүү.

"Эгерде ушул белгилер байкалса, демек бир нерсеге байланып калгандыктын белгиси. Бул социалдык тармактарга да тиешелүү. Мындай учурда адиске кайрылууга туура келет", — деди Карила.

Председатель ассоциации информатиков Кыргызстана, профессор Уланбек Мамбетакунов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мамбетакунов: соцтармак колдонгон окуучулар 5 эрежени билиши шарт
Адис Париждеги Paul-Brousse деп аталган ооруканада эмгектенет. Ал жогорудагы зыяндуу адаттан кантип арылуу туурасында төмөнкүдөй кеңешин айтты.

"Биринчиден, интернеттен келген билдирүү боюнча функцияларды өчүрүп салуу керек. Экинчиден, социалдык тармакта отурган убакытты ченеп-чакташ зарыл. Үчүнчүсү, уктаар алдында дегеле телефонду колго кармап кереги жок. Уйкуну интернет эмес, экранды колдонуу бузат", — деген Карила.

Ал социалдык тармакта окуган билдирүүгө күйүп-бышып пикир калтыра берүүнүн кажети жоктугун айтты.

"Эгерде социалдык тармактагы жазуу маанайыңызды бузса же ачууңузду келтирсе, бир аз убакыт пауза кармап, көңүл сыртында калтырууга аракет кылган жакшы", — деди адис.

Ал эми дагы бир француз психологу жана психоаналитиги Микаэль Стора социалдык тармакка байланып калуу деген нерсе жоктугун айтты.

"Бул жатта бир эле көз карандылык бар, ал видеоюндарга берилип кетүү. Андыктан, муну башкачараак маанайда караган дурус", — деген ал.

Анткен менен социалдык тармактарга такыр эле берилип кеткендерге адистер жардам бериши керек деген пикирлер айтылып келет.

"Эксцессивдүү жүрүм-турум депрессияны жашырып турат. Бирок дайыма эле өзүбүздүн абалыбызды жашырып, катып жүрө албайбыз да. Ал эми депрессиядан өз алдымча эле чыгып кетем деген болбойт, ага адистин жардамы зарыл. Адам кайсы бир учурда социалдык тармак менен өзүнүн жогорудагыдай абалын жашырып жатканын сезиши мүмкүн", — деген Стора.

Буга чейин психологдор Instagram ден соолукка канчалык зыян экенин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0