Москвада дагы 100гө чукул имаратка "мина коюлду" деген кабар түштү

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСтанции метро "Окружная", "Верхние Лихоборы" и "Селигерская" временно закрыты из-за подтопления
Станции  метро Окружная, Верхние Лихоборы и Селигерская временно закрыты из-за подтопления - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мина коюлду делген имараттардан 20 000 кишини эвакуациялашкан.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Москва шаарында жана аталган облуста жүзгө чукул имараттар "мина коюлду" деген кабардан кийин текшерилди. Бул туурасында РИА Новости агенттигине тиешелүү кызматтын өкүлү билдирген. 

Бомбой по улице Киевской оказалась сумка с вещами - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин дагы эки жерине "бомба коюлду" деген маалымат тарады
Айтылган имараттардын 90у Москва шаарында жайгашкан. Анонимдүү биринчи телефон чалуу борбор калаадагы жети соода жайы жарылат деген маанайда болот. Бул маалыматтан кийин тыкыр текшерүү башталган. Кийинки эскертүүлөрдө дал эле ушул калаада жайгашкан 16 имараттын ичинде "мина бар экендиги" айтылган. Алардын арасында мектептер, соода жайлары жана административдик имараттар бар.

Имараттар 20 000 кишини эвакуациялашкан. Бактыга жараша, кооптуу кабарлардын бардыгы жалган болуп чыккан.

"Анонимдүү телефон чалуу Украинанын аймагынан келди", — деп айткан РИАга маалымат берген кызматкер.

Москва эле эмес...

Телефондон кооптуу чалуулар Волгоград шаарындагы орто мектепке келип түшүп, балдар менен мугалимдерди коопсуз жайга чыгарышкан. Мэриядан маалымат мектептин электрондук адресине келгенин билдиришти.

"Чоңураак окуучулар үйлөрүнө кетти, кенже балдарды башка имаратка көчүрдүк", — деп айтып беришкен муниципалитеттен.

РИА Новостиге тартип коргоо органдарындагы маалымат булагы кооптуулук боюнча телефон чалуулар 10 мектепке түшкөнүн кабарлады.

Бүгүн Пермь аймагындагылардын да мина коюлду деген кабардан үрпөйүп калган чагы. Аларга да жарылуу болот деген кабар электрондук почталарга жапырт келген.

Телефондук террорчулук

Январь айында "мина" кабарларынын толкуну башталган. Бир канча жерлерде телефонду чек арадан чалганы белгилүү болгон.

Задержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан
Эми "Ош" аэропортунан бомба изделүүдө
Мындай окуя бир жыл мурда да болгон. Анда 75 аймак "мина" кооптуулугунда калган. ФСБнын берген маалыматына таянсак, Москвада эле бүгүнкү жалган кабардан 150 миллион рубль чыгым келген.

Эксперт Андрей Манойло чет жактан чалган телефон террорчулардын номерин тапса болорун, өзгөчө Бельгия, Франция, Германиядагылар көп учурда билинип каларын айткан.

Ал атайын кызматтын адистери электрондук почтага келген мындай каттардын ээсин тиешелүү программалардын жардамы менен таап чыгарын белгиледи.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын борборуна жакын жайгашкан эл аралык "Манас" аба майданына бомба коюлду деген кабар тарап, ал жалган болуп чыккан. Бир нече сааттан кийин Ош шаарындагы эл аралык аэропортко бомба коюлду деген кабар түшүп, учурда элди коопсуз жайга чыгарып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0