Кытайда энеси сүрөткө тартып жаткан 3 жашар бала рельсиге кулап кетти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала катуу коркуп калган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кытайда үч жашар наристе фотосессия учурунда катуу ылдамдыкта жүрө турган поезддин рельсине кулап аман калды. Бул тууралуу Asia One жазып чыкты.

Окуя өткөн жекшемби күнү Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы темир жол станциясында болгон. Баланын энеси уулун поезддин фонунда сүрөткө тартып жаткан. Жакшы кадр үчүн аял баланы бир кадам артка жылуусун айткан. Кичинекей боюн токтото албай, платформа менен поезддин ортосуна кулап кеткен.

В Китае девочка упала под поезд, ее успели вытащить — видео спасения - Sputnik Кыргызстан
Кытайда поезддин алдына кулаган кызды сууруп алганга жетишип калышты. Видео

Жардамга дароо эле станциянын кызматкери келип, ылдый түшүп баланы алып чыккан. Катуу коркуп калган наристе жабыркаган эмес. Натыйжада бүлө андан ары сапарын уланткан.

Күбөлөрдүн айтымында, бала кызматкердин ыкчам аракетинен эле аман калган. Ал ушунчалык тездик менен кыймылдагандыктан жүрө турган поезд өз саатында жолго чыккан.

Буга чейин ошол эле Кытайда кыз темир жолдо жигитин тамашалайм деп өлүп кала жаздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0