Германиянын канцлери Ангела Меркель Facebook баракчасын өчүрүүнү чечти

© AP Photo / Wolfgang KummГерманиянын канцлери Ангела Меркель. Архив
Германиянын канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өз кайрылуусун Facebook аркылуу жарыялады.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель Facebook баракчасын өчүрүүнү чечкенин жар салды.

Ал мындай кадамын Христиан демократиялык союзунун төрайымы эместиги менен байланыштырып, Facebook баракчасын өчүрүүнү чечкенин айткан.

"Бирок мен силерди федералдык канцлердик ишимди карап турууга чакырам. Ал үчүн силер федералдык өкмөттүн Facebook баракчасынан же менин Instagram баракчамдан көрүп турсаңар болот", — деди ал.

Меркелдин Facebook баракчасына 2,5 миллион киши жазылган.

Мессенджер WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Цукерберг WhatsApp, Instagram жана Facebook мессенджерлерин бириктирмей болду
Германиянын өкмөтүн 2005-жылдан бери башкарып келген Меркель Христиан демократиялык союзунун төрайымдыгына ат салышпай турганын айтып, 2021-жылы кайрадан канцлер болууга ниети жок экенин билдирген.

Былтыр декабрь айынын башында партиянын Гамбургда өткөн съездинде Христиан демократиялык союзунун төрайымдыгына Аннегрет Крамп-Карренбауэр шайланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0