WhatsApp видеону жактыргандар үчүн жаңы опцияны ишке киргизет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемесинин сайты. Архив
WhatsApp тиркемесинин сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеороликтерди көрүү үчүн "сүрөттөгү сүрөт" режими пайда болду.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. WhatsApp тиркемесинин десктоптук версиясынын колдонуучулары мындан ары тиркемеден чыкпай туруп YouTube, Facebook жана Instagram баракчаларындагы видеолорду көрө алат. Бул тууралуу WhatsApp каналынын жаңы опцияларын эртелей ачыктап салганы менен таанымал болгон WABetainfo порталы жазды.

Жаңы функцияны колдонуу үчүн веб-тиркеменин v0.3.2041 версиясы болушу керек.

"Тиркемеге "сүрөттөгү сүрөт" режими кошулду. Бул опция аркылуу YouTube, Facebook жана Instagram баракчаларынан видеолорду көрүүгө болот. Ошондой эле видеону экран аркылуу ары-бери жылдырып, көлөмүн өзгөртүп коюуга болот", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, видеонун үнүн чыгарып, азайтууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0