"Эртең сени жейбиз!" Кытай медайымдын бейтапка берген эскертүүсү интернетти жарды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан хирург. Архив
Операция жасап жаткан хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазууну тамаша-чынга айлантып чечмелеп жибергендер да болду.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Интернетке англис тилин билбеген медайымдын бейтапка жазып берген кагазы жарыяланып, кызуу талкууга түштү. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

© © WaspDog / redditЗаписка китайской медсестры пациенту-иностранцу
Эртең сени жейбиз! Кытай медайымдын бейтапка берген эскертүүсү интернетти жарды - Sputnik Кыргызстан
Записка китайской медсестры пациенту-иностранцу

Бир катар окурмандар катты окуп күлсө, дагы бири ыраазы болгон. Ал эми социалдык тармактын бир топ колдонуучулары "жазуу кишини сестентет го" деген пикирлерин калтырган.

Кыз бейтапка түнкү ондон кийин эч нерсе ичпеш керектигин, себеби эртеси саат 08:00дө операция жасала тургандыгын айтууга аракеттенген.

Жазууну тамаша-чынга айлантып чечмелеп жибергендер да болду.

"Тамак-аш менен суу түгөндү, эртең саат сегизде сени жейбиз деп турат" деп тамашалагандар кездешти.

Ал эми бир катарлары бул кыздын оорулууга берген кыска, нуска эскертүүсү дешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0