Нью-Йоркто лифт иштебей калып, пол жууган аял ичинде үч күн жаткан

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЛифт. Архив
Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маритес Фортализа миллиардер кожоюну Уоррен Стивенстин үйүн тазалоого барып, бузулуп калган лифттин ичинде үч күн жаткан.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Нью-Йоркто жергиликтүү миллиардердин үйүндө лифт иштебей калып, пол жуугуч аял ал жакта үч күн отурган. Бул тууралуу New York Times жазды.

 53 жаштагы Маритес Фортализа жума күнү инвестор Уоррен Стивенстин үйүн жыйноого барат. Иштеп жүрүп экинчи кабат менен үчүнчү кабаттын ортосуна келгенде лифт токтоп калган.

Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чикагодо имараттагы лифт кишилери менен 95-кабаттан түшүп кетти
Кожоюндары башка жакка кеткендиктен, аялга үч күн бою эч ким жардам көрсөтө алган эмес.

Бул тууралуу маалымат куткаруучуларга дүйшөмбү күнү эртең менен кожоюндары үйүнө барганда гана жеткен. Аял ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, анын каны катып калган. Анткен менен бейтаптын абалы учурда туруктуу.

Маалым болгондой, Фортализа миллиардердин үйүндө 18 жылдан бери иштейт. Ал эми бул үйдөгү лифтти акыркы жолу 2018-жылдын июль айында текшертишкен. Үй ээсине бузулган лифтти тезинен оңдотуу боюнча эскертүү берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0