Интернеттен таанышуунун кооптуулугу артты

© AFP / GOU YIGEИнтернет-бар в Пекине
Интернет-бар в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы үч жылда интернеттен таанышкан көңүлдөштөрүнөн жабыркагандардын саны эки эсе өскөн.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Британиянын полициясы Tinder таанышуу тиркемеси аркылуу алдамчылыкка жана кылмыштарга баруу көбөйгөнүн каттады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Акыркы үч жылда интернеттен таанышкан көңүлдөштөрүнөн жабыркагандардын саны эки эсе өскөн. 2015-жылы укук коргоо органдарына 442 кайрылуу болсо, 2018-жылы алардын саны 1,1 миңге жеткен.

Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интернеттен таанышуунун мыкты ыкмасы аталды
Полицияга кайрылгандар кандай запкы көргөнүн так жазган эмес. Басылманын жазышынча, мурда соттолуп чыккандар, адам өлтүргөн кишилер таанышуу сайттарына катталып алып, өзүнүн чыныгы жүзүн жашырган учурлар болгон.

Жергиликтүү бийлик бул маселеге 44 жаштагы Анна Роу аттуу аял Энтони Рэй деген үй-бүлөлүү кишиге алданып калгандан кийин көңүл бура баштаган. Алар Tinder сайты аркылуу таанышкан.

Роу көңүлдөшү жарым жылга жакындаган мамиледен кийин изин жашырып кеткен соң ал башка бирөөнүн сүрөттөрүн профилине жүктөп, өмүр баянын да ойдон чыгарып жазып койгонун билген. Андыктан Роу мамлекетти фейк аккаунттарга каршы чара көрүүнү талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0