Трамп АКШда жүргөн мыйзамсыз мигранттардын санын айтты

© AP Photo / John MinchilloМитинги против указа Трампа о беженцах в Цинциннати
Митинги против указа Трампа о беженцах в Цинциннати - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле учурда президент расмий статистикага абдан эле карама-каршы келген маалыматтарды кайдан алганын так жазган эмес.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп өлкөдө 25,7 миллион мыйзамсыз мигрант бар экенин Twitter баракчасына жазды.

"Биздин мамлекетте буга чейин айтылгандай мыйзамсыз жүргөндөр 11 000 000 эмес, 25 772 342. Бул күлкү келтирет!" — деди Трамп.

АКШ президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Иванка Трамп Дүйнөлүк банктын жетекчиси болушу мүмкүн
Ошол эле учурда АКШ президенти расмий статистикага абдан эле карама-каршы келген бул маалыматтарды кайдан алганын так жазган эмес.

Трамп былтыр декабрь айында Гондурас, Гватемала жана Сальвадорго каржылык жактан жардам берүүнү токтотуу ниети бар экенин билдирген. Андан сырткары, эгер Демократиялык партия Америка менен Мексиканын ортосундагы чек арага атайын тосмо куруу үчүн акча которууга макул болбосо, чек араны жаап сала турганын айтып кыр көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0