Дүйнөдөгү эң узун мышык Гиннесс китебине кирип, интернет жылдызына айланды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМышык. Архив
Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баривель деп аталган мышык болгону эки гана жашта.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Узундугу 1,2 метр болгон мышык Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, Баривель деп аталган мышык болгону эки жашта.

"Бул сертификаты бар чемпион. Баривель — дүйнөдөгү эң узун үй мышыгы", — деп жандыктын кожойкеси Чинзия Тиннирелло жазган.

Мышыкты ченегенде узундугу 1,2 метр экени аныкталган.

Международная выставка кошек Кэтсбург - Sputnik Кыргызстан
Үйүндө ит, мышыгы бар балдар аллергия менен аз оорушат
Үй жандыгы Италиянын Виджевано шаарында жашайт. Кожоюндары аны башынан эле чоң болорун божомолдошкон.

"Биздин мышык менен сүрөткө түшүүгө кызыгып келгендер көбөйүп жатат", — деди кожоюндары.

Алар ошондой эле жаныбарынын жеке Instagram баракчасы бар экенин кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0