Такалуу бут кийим аэропортту ызы-чууга салды. Париждеги окуя

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЮвелирный Дом Cartier и Van Cleef & Arpels"
Ювелирный Дом Cartier и Van Cleef & Arpels - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сумка турган жерге саперлор чакырылып, башка адистер, полиция кызматкерлери дароо жетип келген.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Париждеги аэропорттун бир нече залы ызы-чуу түшүп, жүргүнчүлөр коопсуз жайга көчүрүлдү. Буга себепкер жолоочулап бара жаткан аялдын колго көтөргөн сумкасындагы буюм болгондугун РИА Новости жазды. 

Маалыматта чуунун башы Royal Air Maroc аба компаниясы менен Касабланкага учуп кете турган журналисттин жүгү болгону айтылды. Анын өзү менен кошо колуна алып жүргөн сумкасын сканерден өткөрө баштаганда жардыргычка окшогон буюм көзгө урунган. Анын сумканын сыртынан күйүп-өчүп турганы даана байкалган.

Грузчики швыряют багаж пассажиров в аэропорту Гонконга — соцсети в шоке - Sputnik Кыргызстан
Учак жүргүнчүлөрүнүн баштыктарын ушинтип жүктөштү. Соцтармакты чуу кылган видео
Бул көрүнүштөн кийин аба майдандын элди текшерип өткөргөн кызматкерлери дароо коопсуздук бөлүмүнө кабарлаган. Аэропорттун төртүнчү терминалынын эки залындагы жүргүнчүлөр менен кызматкерлер шашылыш түрдө эшикке чыгарылган. Аталган аймак курчоого алынган. Сумка турган жерге саперлор чакырылып, башка адистер, полиция кызматкерлери дароо жетип келген.

Тополоңдун айынан бир нече самолет учпай, каттамдар үзгүлтүккө учураган. Саперлор ар бир миллиметр жерди абайлап басып, болгон бүткөн техникасы менен текшере келгенде ал кадимки эле модалуу, өчүп-күйгөн туфли болуп чыккан. Териштире келгенде бут кийимдин ээси мода журналында иштеген журналист аял экени анык болгон. Ал эми жаңылыш шектенүүдөн улам жарыяланган кооптуу абал үч сааттан кийин, кечки жетилерде алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0